Эне-аталар мугалимдин ордунда. Бишкекте “Кесиптерди алмаштыруу” акциясы өттү

№8 орто мектептин базасында «Кесиптерди алмаштыруу» акциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуучулардын ата-энелерине бир күндүк предметтер боюнча сабак өтүү сунушталды. Ата-энелер кыргыз тили, кыргыз адабияты, математика, табият таануу, физика, биология сыяктуу предметтер боюнча сабак өтүштү. Мугалимдер өз кезегинде пландарды түзүүгө жардам беришти.

Ата-энелер кылдат даярданышып, сабакты кызыктуу өткөрүүгө аракет кылышты. Балдар менен иштөө жакты, бирок мугалим болуу оңой эмес экендигин сезишти.

“Кесибин алмаштыр” акциясына 30 ата-эне катышты.

Связанный пост