Нарын облусунун жалпы билим берүү мекемелеринин директорлору үчүн окутуу башталды

 Нарын облусунун жалпы билим берүү мекемелеринин директорлору үчүн окутуу башталды

Бүгүн, 10-майда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиедин катышуусунда Нарын облусунун жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” аталышындагы 2 күндүк окутуу башталды.

Өз сөзүндө министр Каныбек Иманалиев билим берүүдөгү реформаларды ишке ашырууда мектеп директорлорунун орду өзгөчө экендигин белгилеп, республика боюнча директорлорду окутуунун жүрүшү мунун бирден-бир себеби экендигин билдирди.

Окутуунун жүрүшүндө натыйжалуу башкарууга өбөлгө түзгөн мектеп директорунун негизги сапаттары, тармактагы эмгек укуктарынын жөнгө салынышы, жалпы билим берүү уюмдарынын менеджментин өнүктүрүүнүн ыкмалары, усулдары, каражаттары, жалпы республикалык тестке даярдануу ж.б. темаларда презентациялар жасалат.

Презентация жасай турган тренерлердин арасында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Баткен облусундагы 3-эксперименталдык гимназиянын автору – Гапыр Мадаминов, КББАнын вице-президенти, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент – Айнагүл Ниязова, Дүйнөлүк банктын “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун баалоо боюнча координатору – Мира Мыкыева, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору – Чынара Батракеева, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун Педогогика, психология жана социалдык-гуманитардык билим берүү кафедрасынын доценти, Юридика илимдеринин кандидаты Чолпонбай Карынов ж.б. бар.

Ошондой эле катышуучулар топторго бөлүнүп, математикалык, табигый-илимий, окуп-түшүнүү жана санариптик сабаттуулук темаларынын үстүндө иш алып барышат.

Связанный пост