Быйыл “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясына 2 миңге чукул бүтүрүүчү катышты

Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору артыкчылык аттестатына талапкерлер үчүн “Алтын-Тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрдү. Тестирлөөгө республика боюнча 2042 талапкер катышуу үчүн билдирүү берсе, анын ичинен 1951 талапкер сынакка катышты. 91 талапкер келген эмес.

Баткен облусу – 131

Бишкек шаары – 342

Жалал-Абад облусу – 326

Нарын облусу – 126

Ош шаары – 112

Ош облусу – 523

Талас облусу – 68

Чуй облусу – 145

Ысык-Көл облусу – 178

“Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүүнүн негизги максаты:

– артыкчылык менен жалпы орто билими жөнүндө документтерди алууга талапкерлердин билим деңгээлине баалоо жүргүзүү;

– Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу;

– КР мамлекеттик билим берүү стандарттарын, мектептик билим берүү системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Жүргүзүлгөн тестирлөөнүн артыкчылыктары болуп төмөнкүлөр саналат: алынган баанын объективдүүлүгү, контролдоо процессинде окугандардын “теңдиги”, текшерүүдө окуу материалынын олуттуу көлөмүн камтуу жана сынакка катышуучулар үчүн бирдей шарттарды түзүүнү камсыздоо. Тест Кыргыз Республикасынын билим берүү программаларына жана мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык окуу дисциплинасынын мазмунун толук чагылдырат.

Связанный пост