Баткендин чек арадагы айылында 225 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Чоң-Талаа айылында 225 орундуу Чоң-Талаа орто мектебинин курулушу башталды. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Мектептин курулушуна капсула салуу аземине КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев, Президенттин чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча өкүлү Мамыржан Рахимов,АРИС уюмунун өкүлдөрү жана жергиликтүү жетекчилер,тургундар катышты.

Мектеп үчүн айыл өкмөтү тарабынан 1,4 га жер аянты ажыратылган.

Курулуучу мектеп 2 кабаттан турат. 225 орунга ылайыкташтырылган. Мектепти куруу мөөнөтү 2023-жылдын апрель–август айлар аралыгы деп белгиленген.

Курулуштун тендердик баасы 83,2 млн сом.

Белгилей кетсек, өткөн жылда чек арада орун алган куралдуу жаңжалда мектептин 2021-жылы курулуп пайдаланууга берилген 1-окуу корпусунун имараты толугу менен талкаланып, калган 3 корпусу да жабыркаган болчу.

Бул мектеп Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен АРИС уюму тарабынан курулуучу, куралдуу жаңжал учурунда жабыркаган облустагы 15 социалдык обьектилердин катарына кирди.

Связанный пост