Ош шаарындагы №27 орто мектебине 500 орундуу кошумча имараттын курулушу жүрүп жатат

Ош шаарындагы N 27 партсъезд атындагы орто мектебине 500 орундуу кошумча имараттын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Учурда курулуштун жалпы 40%га жакыны бүтүп калган. Жумуш кызуу жүрүүдө. Белгиленген планга ылайык имарат 1-сентябрга чейин пайдаланууга берилет. Курулуштун тендердик баасы 94,9 млн сомду түзөт.

Связанный пост