“Өкмөттүк акселераторлор” программасы: Үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу боюнча окутуу башталды

 “Өкмөттүк акселераторлор” программасы: Үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу боюнча окутуу башталды

Бүгүн, 10-майда “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында үй тибиндеги балдар бакчаларын ачууну каалаган айымдарды окутуунун биринчи этабы башталды.

Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май райондорундагы мектептерде өтүп жаткан окутууга 100гө жакын айым катышууда. Алар “Мектепке чейинки өнүктүрүү”, “Санитардык нормалар”, “Өрт коопсуздук эрежелерин сактоо”, “Салык төлөө жана ишкердик жүргүзүү” темаларында бекер билим алышат.

Маалымат үчүн:

“Өкмөттүк акселераторлор” пилоттук долбооруна Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын жана Бишкек мэриясынын кызматкерлери катышууда. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана Министрлер Кабинетинин көзөмөлүндө ишке ашуучу кыска аралыктагы долбоордун алкагында 500 жаран окуудан өтүп, ишкерлик ачууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, 4 миң балага мектепке чейинки кызмат көрсөтүү менен камтуу каралууда.

Связанный пост