Колледждерде окуу үчүн 4 миң 131 бюджеттик орун бөлүнөт

 Колледждерде окуу үчүн 4 миң 131 бюджеттик орун бөлүнөт

18-апрелде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2023-2024-окуу жылына кесиптик орто билим берүү уюмдарына окутууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмесин жана бюджеттик орундардын санын бекитүү жөнүндө” токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду.

2023-2024-окуу жылына кесиптик орто окуу жайларына кабыл алуу үчүн 4 миң 131 бюджеттик орун бөлүнөт. Азыркы учурда республикада 154 кесиптик орто окуу жайлар бар, алардын ичинен 48 мамлекеттик кесиптик орто окуу жайы республикалык бюджеттен каржыланат.

Иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматы боюнча көбүнчө өнөр жай, тоо-кен өндүрүү өнөр жайы, айыл-чарба, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарына кадрлардын муктаждыктарынын таңсыктыктары аныкталган.

Экономиканын башка тармактары боюнча орундарды бөлүштүрүүдө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 2023-2027 жылдар аралыгында кадрларга муктаждыктар боюнча берген маалыматтары, орто кесиптик окуу жайлар менен иш берүүчүлөр ортосунда түзүлгөн келишимдердин саны эсепке алынды.

Министрликтер боюнча бөлүштүрүү:

– Билим берүү жана илим министрлиги – 2301 бюджеттик орун;

– Саламаттык сактоо министрлиги – 1335 бюджеттик орун;

– Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги – 435 бюджеттик орун;

– Транспорт жана коммуникация министрлиги – 60 бюджеттик орун.

Связанный пост