Эки жумада 1-класска 47 миң 491 бала кабыл алынды

 Эки жумада 1-класска 47 миң 491 бала кабыл алынды

Билим берүү жана илим министрлиги мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык системасы аркылуу 2023-жылдын 10-апрелинен 23-апрелине чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 47 миң 491 бала кабыл алынгандыгын маалымдайт. Анын ичинен 701 бала жеңилдик менен кабыл алынды.

Бишкек шаарында – 4 миң 819 бала (анын ичинен 226 бала жеңилдик менен).

Жалал-Абад облусунда – 9 миң 144 бала (анын 79у жеңилдик менен).

Чүй облусунда – 6 миң 316 бала (анын 90у жеңилдик менен).

Ош облусунда – 9 миң 336 бала (анын 83ү жеңилдик менен).

Ысык-Көл облусунда – 5 миң 144 бала (анын 28и жеңилдик менен).

Баткен облусунда – 5 миң 952 бала (анын 82си жеңилдик менен).

Талас облусунда – 2 миң 736 бала (анын 48и жеңилдик менен).

Нарын облусунда – 3 миң 181 бала (анын 30у жеңилдик менен).

Ош шаарында – 863 бала (анын 35и жеңилдик менен).

Связанный пост