Ош шаарындагы N 27 партсъезд атындагы орто мектебине 500 орундуу кошумча имараттын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Учурда курулуштун жалпы 40%га жакыны бүтүп калган. Жумуш кызуу жүрүүдө. Белгиленген планга ылайык имарат 1-сентябрга чейин пайдаланууга берилет. Курулуштун тендердик баасы 94,9 млн сомду түзөт.Читать далее
Бүгүн, 14-апрелде К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде Ысык-Көл облусунун жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” аталышындагы 2 күндүк семинар башталды. Окутуунун жүрүшүндө “билим берүү системасындагы эмгек укуктарынын жөнгө салынышы”, “мектептин өнүгүү планы” “инвестицияларды тартуу боюнча мектептин иш тажрыйбасынан” темаларында презентациялар жасалат. Мындан сырткары катышуучулар “Жалпы билим берүү уюмдарынын менеджментин өнүктүрүүнүн ыкмалары, […]Читать далее
Талас шаарындагы орто мектептердин, спортзалдардын, спорт аянтчалардын көйгөйлүү маселелерин менен жеринде таанышуу жана аны жергиликтүү бюджеттик долбоорго сунуштоо максатында Талас шаардык кеңешинин Жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча туруктуу депутаттык комиссия шаар аймагындагы 9 мектепти кыдыруу иштерин жүргүзүштү. Ага комиссиянын төрайымы Раушан Токтогулова баштаган комиссияга мүчө депутаттар, Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн методисти Э. […]Читать далее
Республиканын билим берүү мекемелеринде «Бир окуучу — бир көчөт» акциясы өтүүдө. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында үстүбүздөгү жылдын март айында башталган. Акцияга ата-энелер, окуучулар жана мугалимдер катышып, билим берүү мекемелеринин айланасына жаш көчөттөрдү отургузууда. Жашылдандыруу иштери сабактан […]Читать далее
Мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык система аркылуу 2023-жылдын 10-апрелинен 11-апрелине чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 11 миң 47 бала кабыл алынды. Анын ичинен 119 бала – жеңилдик менен, 10 миң 928 бала – жеңилдиксиз. Бишкек шаарына 2 миң 580 бала кабыл алынды. Жалал-Абад облусунан – 1 миң 748 бала. Чүй […]Читать далее
Бүгүн, 11-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы бир катар билим берүү мекемелеринен кабар алды. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти. Алгач Төрага депутат Дастанбек Бекешевдин, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин, ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун коштоосунда Көк-Жар конушунда жайгашкан №103 Низами […]Читать далее
2023-жылдын 10-11-апрелинде Ош шаарында жана Баткен, Ош облустарында балдар арасында укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча жолугушуулар өттү. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга билим берүү жана илим министрлигинин Тарбия иштери боюнча секторунун жетектөөчү адиси Индира Токонова, КР Президентинин Баткен, Ош облустарындагы өкүлдөрүнүн орун басарлары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялайт. Конкурска төмөндөгү квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат: – жогорку педагогикалык билими жана 7 жылдан кем эмес педагогикалык иш тажрыйбасы барлар; – атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар (ден […]Читать далее
Бүгүнтөн тартып биринчи класска электрондук каттоо башталды. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча 10-апрелден 25-июнга чейин, экинчи этап – жашаган жерине карабастан 26-июндан 31-августка чейин. Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. mektep.edu.gov.kg порталын […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун жеңүүчүлөрү белгилүү болгондугун маалымдайт. Баткен облусу боюнча тестирлөөгө 34 талапкер катышып, анын ичинен 5 адам (60%) босого балл же андан жогору алды. Жыйынтыгында 4 талапкер жеңүүчү деп табылды. Жалал-Абад облусу боюнча […]Читать далее