Төрага Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы бир катар билим берүү мекемелерине барды

Бүгүн, 11-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы бир катар билим берүү мекемелеринен кабар алды. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Алгач Төрага депутат Дастанбек Бекешевдин, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин, ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун коштоосунда Көк-Жар конушунда жайгашкан №103 Низами Гянджеви атындагы мектепке барды.

56 мугалим эмгектенип, 1340 окуучу билим алган мектептеги түзүлгөн шарттар менен таанышып чыккан Төрага информатика кабинетине да баш бакты.

Алсак, аталган мектепте заманбап билим берүү ыкмаларына, анын ичинен Python программалоо тилин үйрөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул багытта жасалып жаткан иштерге жогору баасын берген Нурланбек Шакиев окуучулар менен баарлашып: “Мурда көп улуттардын тилин билүү негизги өзгөчөлүк болсо, азыр IT тармагындагы программалоо тилдерин өздөштүрүү башкы артыкчылык катары каралууда. Андыктан, аталган багытта тажрыйбаны арттырып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыңарды кошосуңар деген ишеничтемин”, – деди.

Кошумчалай кетсек, аталган билим берүү мекемесинде угуусу начар балдар үчүн да атайын класс ачылган. Ага ылайык, Нурланбек Шакиев резервдик фондунан каражат бөлүп, аталган класска көрсөтүп окутуучу заманбап жабдууларды белекке берди.

Андан соң Жогорку Кеңештин Төрагасы Алтын-Ордо конушунда жайгашкан № 98 жалпы орто билим берүү мектебине барды.

Окуу процессинин жүрүшү жана түзүлгөн шарттар менен таанышкан Төрага окуучуларды сүрөт тартууга үйрөткөн таланттуу мугалимдин устаканасын да көрүп чыкты.

“Мектеп таалим-тарбия берүү менен катар окуучулардын талантын ачып, өнөрүн өстүрүүгө да басым жасашы кажет. Анткени, билим менен өнөрдү айкалыштырган адам гана ийгиликке жетише алат. Андыктан ушундай тажрыйбаны башка мектептерге да жайылтууну колго алышыбыз зарыл”, – деген Нурланбек Шакиев билим берүү мекемесине заманбап музыкалык жабдууларды тапшырды.

Ошондой эле эки мектепте тең агартуучулар менен жолугушкан Төрага: “Улуттук дүң продукциябыздын 7%ы билим берүү тармагына жумшалат. Айрыкча акыркы жылдары бул тармакка өзгөчө көңүл бурулуп, былтыр Бишкек шаарында эле 16 мектептин жаңы имараты ишке берилди. Андан тышкары, мугалимдердин айлык маянасы жогорулатылды. Бул албетте чек эмес. Мындан ары да керектүү колдоолор уланат”, – деди.

Муну менен катар билим берүүнүн сапатын көтөрүү маселесине токтолгон Төрага бул жаатта мугалимдерге чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн кошумчалады.

Связанный пост