Мектеп директорлорун тандоо – 2023: Бош кызмат орундарына сынак жарыяланды

 Мектеп директорлорун тандоо – 2023: Бош кызмат орундарына сынак жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялайт.

Конкурска төмөндөгү квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат:

– жогорку педагогикалык билими жана 7 жылдан кем эмес педагогикалык иш тажрыйбасы барлар;

– атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар (ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн адистештирилген жалпы билим берүү уюмдарына);

– аракетке жөндөмдүү, аларга карата аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери жок адамдар;

– соттолбогондор;

Связанный пост