“Баткен таштандысыз” экологиялык арт-фестивалы өттү

“Баткен таштандысыз” экологиялык арт-фестивалы өттү. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Фестивалдын алкагында катышуучулар, алгач таштанды маселесинин жергиликтүү өзгөчөлүктөрүн талкуулоо үчүн Баткен шаарындагы таштанды төгүүчү жайына барышты. Адистер жеринен таштандынын зыяндары тууралуу кеңири маалымат берип, таштандыларды көмүүчү жайларга каршы күрөшүүнүн жолдорунун бири – кайра иштетүүгө жарамдуу материалдарды чогултуу жана кайра иштетүү экендигин белгилешти.
Андан соң Баткендеги жаңы өндүрүш, «Баткен Таза Аймак» желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетип, синтепон чыгаруучу ишканасына саякат уюштурулду. Аталган ишкана буга чейин желим бөтөлкөлөрдөн сырье гана чыгарып, Россияга экспорттоп турган болсо, бүгүндөн баштап синтепон продукциясын өндүрүп баштады. Ишкана алгач Президент Садыр Жапаровдун “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгына ылайык, мамлекеттин колдоосу менен кайтарымсыз гранттын эсебинен курулган. Ал эми синтепон чыгаруу үчүн жабдууларды орнотуу иш аракеттери БУУнун, “Тазар Мекеним” Эко Баткен” коомдук уюмдарынын колдоосу менен ишке ашты.
Бул күнү Баткен шаарында «Эко Баткен» кайра иштетилүүчү материалдарды кабыл алуучу жайы да ишмердүүлүгүн баштады. Тургундар желим таштандыларды тапшырганы үчүн акча каражатын же үй жана кеңсе буюмдарын ала алышат. Бул жерде топтолгон желим, кагаз, айнек таштандылар «Баткен Таза Аймак» кайра иштетүүчү ишканасына тапшырылат. Ошондой эле таштандыларды иргеп алуу, экологияны таштандыдан арылтуу боюнча окутуулар уюштурулат.
Фестивалдын катышуучулары табигат менен жакын мамиледе болууга үндөгөн сүрөт көргөзмөсү менен да таанышты.
Акырында Алтын Капалованын мектеп окуучуларынын таштанды тоосу менен күрөшү тууралуу «Жаркыраган тоо» жомогу боюнча коюлган спектакль, А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрынын артисттеринин аткаруусунда коюлду.
Иш чара жергиликтүү бийлик менен Бишкек заманбап искусство мектеби, “Тазар”, “ЭкоБаткен”, “Баткен Таза Аймак” коомдук уюмдарынын, Баткен облустук музыкалык-драма театрынын өнөктөштүгү астында уюштурулду.

Связанный пост