“Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине караштуу жер менчиктештирилип кеткен

 “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине караштуу жер менчиктештирилип кеткен

“Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине караштуу жер менчиктештирилип кеткен. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы маалымдады.

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мамилелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, Ош шаарынын жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, укук берүүчү документ болуп саналбаган кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде “Сулайман-Тоо” Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине караштуу өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагындагы 6818 чарчы метр жер аянтына жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысын “Ж-Ж.” ЖЧКсынын наамына мыйзамсыз жасап берилгендиги аныкталган.

Жер тилкенин наркы 204 млн. 540 миң сомду түзүп, мамлекетке  өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу)  менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын  жүргүзүү жагы Ош ШИИБнын ТКна тапшырылды.

Связанный пост