Мектеп директорлорун тандоо-2023: Облустар боюнча жеңүүчүлөрдүн тизмеси аныкталды

 Мектеп директорлорун тандоо-2023: Облустар боюнча жеңүүчүлөрдүн тизмеси аныкталды

Билим берүү жана илим министрлиги Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун жеңүүчүлөрү белгилүү болгондугун маалымдайт.

Баткен облусу боюнча тестирлөөгө 34 талапкер катышып, анын ичинен 5 адам (60%) босого балл же андан жогору алды. Жыйынтыгында 4 талапкер жеңүүчү деп табылды.

Жалал-Абад облусу боюнча тестирлөөгө 58 талапкер катышты. Анын ичинен 14 адам босого баллдан өтүп, жеңүүчү аталды.

Талас облусу боюнча жалпы тестирлөөгө 6 талапкер катышып, 3 адам босого пайыздык чектен өттү. Жыйынтыгында 1 талапкер жеңүүчү болду.

Нарын облусу боюнча тестирлөөгө 16 талапкер катышып, 13 адам 60% босого баллдан өттү. Андан 6 адам жеңүүчү аталды.

Ысык-Көл облусу боюнча тестирлөөгө 14 талапкер катышып, 5 адам босого балл же андан жогору упай алды. Жыйынтыгында 4 адам жеңүүчү аталды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда – 67, Баткен облусунда – 27, Ысык-Көл облусунда – 8, Нарын облусунда – 7, Талас облусунда – 4 ваканттык орун бар болчу.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси: https://edu.gov.kg/posts/1544/

Связанный пост