Коом

Бишкекте мончолор текшерилүүдө

Бишкек шаарынын экологиясын жакшыртуу максатында шаардын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы мончолорду текшерүүдө. Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, рейд учурунда мончо ээлерине тыюу салынган буюмдарды (резина, пластмасса, тигүү калдыктары ж.б.) жагууга тыюу салуу боюнча 13 эскертүү берилип, ошондой эле газга өтүү сунушталды. Инспекция тыюу салынган заттарды өрттөгөн учурда менчигинин түрүнө карабастан, “Бузуулар […]Читать далее

Билим

Мугалимдик кесипке окуган мыкты студенттерге 1-4 миң сомдон төлөп берүү

Мугалимдик кесипке окуган мыкты студенттерге 1-4 миң сомдон төлөп берүү пландалууда. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда билдиргендей, ЖРТда жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү мугалимдик кесипке шыктандыруу максатында жакшы окуган студенттерге акчалай төлөмдөрдү төлөп берүү каралууда. “Мугалимдик кесиптин 1-курсунда жакшы окуган студентке 1 миң сом, 2-курста 2 миң сом, 3-курста 3 миң […]Читать далее

Маданият

Кыргызстандын музей фонду 1 миң 612 экспонат менен толукталды

Кыргызстандын музей фонду 1 миң 612 экспонат менен толукталды. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, 2022-жылдын алты ай аралыгында 326 экспонат реставрациядан өткөрүлдү. “2022-жылдын алты айында өлкө аймагынан тышкары төрт, ал эми өлкө ичинде алты көчмө көргөзмөлөр өттү”, – деди ал.Читать далее

Медицина

COVID-19: Бишкек “сары аймакка” кирди

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустун жаңы 128 учуру катталды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди. Анын айтымына караганда, Бишкек коронавирус боюнча “сары аймакка” кирди. Министр бирок эпидемиологиялык абал туруктуу экендигин айтты. «Кооптонууга негиз жок. Эгерде зарыл болсо, жарым-жартылай чектөөлөр киргизилет», – деди ал.Читать далее

Медицина

Кыргызстанда маймыл чечеги катталган жок

Кыргызстанда маймыл чечеги катталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, оору аныкталса санитардык-эпидемиологиялык кызмат жана саламаттыкты сактоо системасы ыкчам чара көрүүгө даяр.Читать далее

Коом

Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келе жаткан коон кармалды

Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келе жаткан коон кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Өзбекстандын «Чоң-Гара» анклавынан Кыргызстандын аймагына кирүүдө К.У.О. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Ford Transit үлгүсүндөгү унаа кармалган. Унааны текшерүүдө салмагы 1200 кг, наркы 30 миң сомду түзгөн коон табылган. К.У.О. коонду Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына бажы көзөмөлүнөн тышкары мыйзамсыз түрдө […]Читать далее

Коом

Аптаптуу ысыкта эмне кылуу керек?

Бишкек мэриясы аптаптуу ысыкта эмне кылуу керек экендиги тууралуу бир катар кеңештерди берди. Мүмкүн болсо, күндүн эң ысык маалында күн нурунан алыс болуп, көлөкөдө болууга аракет кылыңыздар. Ысыктан сактануу үчүн баш кийим жана табигый кездемеден тигилген жеңил, кенен кийим кийиңиздер. Мындай ысыкта синтетикалык кездемеден тигилген кийимдер тери ооруларына алып келиши мүмкүн. Суюктукту көбүрөөк ичиңиздер: газсыз […]Читать далее

Медицина

Касымбеков: Өлкөдө 10 жаңы вирусологиялык лаборатория курулууда

Ислам өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен өлкө аймагында 10 жаңы вирусологиялык лабораторияны куруу жана жабдуу улантылууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, Ысык-Ата, Сокулук, Жайыл райондук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун жана Каракол, Талас шаарларында беш вирусологиялык лабораториялар ишке берилди. “Баткен, Кадамжай, […]Читать далее

Коом

Нарында узундугу 130 метрден ашкан шырдак жасалды

Нарын облусундагы Соң-Көл жайлоосунда узундугу 130 метрден ашкан кыргыз шырдагы жасалды. «Нарын медиаборбору» телеканалы билдиргендей, шырдак жасоого «Алтын кол-Нарын» кол өнөрчүлөрдүн коомдук бирикмесинин демилгеси менен облустук аймагындагы 70 уз-чебер тартылган. «Фестивалдын негизги максаты кыргыз шырдагын дүйнөгө даңазалап, эң узун шырдак менен Гиннестин рекорддор китебине кирүү болуп саналган. Касиеттүү Соң-Көлдө өткөн «Эң узун шырдак-Нарында» аттуу фестиваль […]Читать далее

Коом

Ысык-Көлдө аскердик техникаларды оңдоо үчүн мобилдик пункт курулууда

Ысык-Көлдө Коргоо министрлигинин курал-жарактарын жана аскердик техникаларын тейлөө жана оңдоо үчүн мобилдик пункттун курулушу башталды. Министрликтен билдиришкендей, Кыргызстан менен Россиянын Коргоо ведомстволорунун ортосундагы эл аралык аскердик кызматташтыктын алкагында мобилдик пункту курулууда. Завод курула турган жер тиешелүү инфраструктураны эске алуу менен тандалган. Мурда жетишилген макулдашууларга ылайык, Россия тарап керектүү жабдуулар менен камсыз кылат. Ал эми кыргыз […]Читать далее