Нарында узундугу 130 метрден ашкан шырдак жасалды

 Нарында узундугу 130 метрден ашкан шырдак жасалды

Нарын облусундагы Соң-Көл жайлоосунда узундугу 130 метрден ашкан кыргыз шырдагы жасалды.

«Нарын медиаборбору» телеканалы билдиргендей, шырдак жасоого «Алтын кол-Нарын» кол өнөрчүлөрдүн коомдук бирикмесинин демилгеси менен облустук аймагындагы 70 уз-чебер тартылган.

«Фестивалдын негизги максаты кыргыз шырдагын дүйнөгө даңазалап, эң узун шырдак менен Гиннестин рекорддор китебине кирүү болуп саналган. Касиеттүү Соң-Көлдө өткөн «Эң узун шырдак-Нарында» аттуу фестиваль маданий иш-чаралар жана ат оюндары менен коштолду», – деп айтылат билдирүүдө

Связанный пост