Ысык-Көлдө аскердик техникаларды оңдоо үчүн мобилдик пункт курулууда

 Ысык-Көлдө аскердик техникаларды оңдоо үчүн мобилдик пункт курулууда

Ысык-Көлдө Коргоо министрлигинин курал-жарактарын жана аскердик техникаларын тейлөө жана оңдоо үчүн мобилдик пункттун курулушу башталды.

Министрликтен билдиришкендей, Кыргызстан менен Россиянын Коргоо ведомстволорунун ортосундагы эл аралык аскердик кызматташтыктын алкагында мобилдик пункту курулууда.

Завод курула турган жер тиешелүү инфраструктураны эске алуу менен тандалган. Мурда жетишилген макулдашууларга ылайык, Россия тарап керектүү жабдуулар менен камсыз кылат. Ал эми кыргыз тарап курулуштун аянтын жана инженердик системаларды монтаждоо үчүн аймакты даярдайт. Курулуш иштерин жүргүзүү жана объектти жайгаштыруу ордун даярдоо үчүн башкы подрядчысы болуп Коргоо министрлигинин “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасы аныкталган. Бүгүнкү күндө берилген жабдууларды орнотуу үчүн аймакты даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Курулушту аяктоо жана заводду ишке киргизүү ушул жылдын күз айына пландаштырылган.

Бүгүнкү күндө оор жүк ташуучу автомобилдер менен жабдуулардын биринчи партиясы жана орнотуу үчүн адистер келди. Жабдуулардын калган партиясы кийинки 10 күндүн ичинде келүүсү күтүлүүдө.

Связанный пост