Спорт

Денис Петрашов Түркиядагы мелдеште коло байге алды

Кыргызстандык сүзүүчү Денис Петрашов Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында дагы бир коло байгенин ээси болду. Ал 15-августта 200 метр аралыкка брасс ыкмасында сүзгөн. Буга чейин спортчу 50 метр аралыкка сүзүп, үчүнчү орунду камсыздаган. Белгилей кетсек, бүгүн Петрашов 100 метр аралыкка да жарышка чыгат.Читать далее

Саясат

Cтратегиялык изилдөөлөр улуттук институту президенттин карамагына өттү

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Cтратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун ишин өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат: Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы мекеме катары аныктоо менен Кыргыз Республикасынын Стратегиялык […]Читать далее

Коом

Кара-Суу районунда суюк азот өндүрүүчү завод ишке кирди

Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагында 2022-жылы 12-августында суюк азот өндүрүүчү завод ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба долбоолорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, суюк азот малды жасалма жол менен уруктандырууда колдонулат. Жаңы ишкана суткасына 312 литр суюк азотун чыгара алат, ал түштүк аймактарды камтыйт. Ал эми 2021-жылы сентябрда ушундай эле завод түндүк аймактар үчүн Чуй […]Читать далее

Дүйнөдө

Садыр Жапаров Армениянын президентине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Армения Республикасынын президенти Ваагн Хачатурянга “Сурмалу” соода борборундагы жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. “Армения Республикасында “Сурмалу” соода борборундагы жарылуунун кесепетинен адамдар каза болуп, жабыркады жана имарат жайлар талкаланды деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза […]Читать далее

Дүйнөдө

Кореядагы кыргыз студенттеринин ассоциациясы расмий каттоодон өттү

Сеул шаарында Кореядагы кыргыз студенттеринин ассоциациясынын расмий каттоосуна арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын элчилигинен билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова, Кореядагы кыргыз студенттеринин ассоциациясынын төрагасы Бектурсун Алыбаев, кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилери, мекендештер арасындагы активисттер, өлкөнүн жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттер катышты. Куттуктоо сөзүндө элчиси Исмаилова ассоциациянын мүчөлөрүн […]Читать далее

Спорт

Оор атлетчи Канымжан Алмазбек кызы Ислам шериктештиги оюндарында коло утту

Канымжан Алмазбек кызы Түркияда өтүп жаткан Ислам оюндарында оор атлетика боюнча коло байгенин ээси болду. Спортчу 87 кг салмак даражада катышты. Алгач жулкуп көтөрүүдө 76 көтөрсө, түртүп көтөрүүдө 95 кг ийгиликтүү аткарды. Жалпы 171 эсеп менен Ислам оюндарында 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды.Читать далее

Саясат

Төрөбаев Азербайжандын президентин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевди Баку шаарында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жолугушуу Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйынына катышуу үчүн Баку шаарына жумушчу сапарынын алкагында өттү. Тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын […]Читать далее

Маданият

Кыргызстандын Венгриядагы маданият күндөрү жыйынтыкталды

Кыргызстандын Венгриядагы маданият күндөрү жыйынтыкталып, концерттик программа тартууланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара 10-августтан 15-августка чейин өтүп, кыргыздын көөнөрбөс бай маданий программалары менен толукталды. “Кыргыз элинин улуттук маданиятын чагылдырган фольклордук ансамблдин аткаруусундагы концерттик программанын алкагында манас айтылып, улуттук ыр-күүлөрү жаңырып, көргөзмөлөр менен коштолду. Маданият […]Читать далее

Билим

“Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети: Өлкө боюнча мугалимдерди окутуу башталды

Бүгүн, 15-августта облустук борборлордо “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча сабак бере турган тарых сабагынын мугалимдерин жана теологдорду окутуу башталды. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиргендей, бүгүнкү күндө жалпысынан 35 тайпа өз ишин баштады. Ар бир группада бирден мугалим жана бирден теолог сабак өтүүдө. Окуулар үч агымда өтүп, 2-сентябрга чейин офлайн режиминдеги сабактар жыйынтыкталат: – биринчи […]Читать далее

Коом

Чыңгыз Эсенгул уулу менен Абдыганы Эркебаев “Кыргыз жараны” концепциясын аткарууну

 Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Абдыганы Эркебаев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда президенттин 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 39 жарлыгы менен бекитилген 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында “Кыргыз жараны” деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын аткаруунун алкагында кызматташуу талкууланды. Мында […]Читать далее