Коом

Боом капчыгайында жол эки тараптуу ачылды

Боом капчыгайында жол эки тараптуу ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жол 1-августтан 2-августка караган түнү саат 01:48де толугу менен ачылган. Эскерте кетсек, кечээ, 1-августта саат 14:00гө жакын Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунунун 147-154-чакырымдарында (Боом капчыгайы) катуу жаандан улам сел жүрүп, жолду жаап калган.Читать далее

Саясат

Нуран Ниязалиев аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипөкүлчүлүктөрү үчүн брифинг өткөрдү

Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Бишкек шаарында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын башчылары үчүн брифинг өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө чет элдик дипломаттарга 2022-жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун, Өзбекстандын президенти […]Читать далее

Коом

Сел жүрөт! ӨКМ чукул билдирүү таратты

 Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Кыргызгидромет борборунун маалыматына таянсак, 1-4-август күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Министрлик буга байланыштуу жарандарды сак болууга чакырат.Читать далее

Маданият

Караколдо “KGtai – таланттарга старт 2022” фестиваль-сынагы жыйынтыкталды

Каракол шаарында III Эл аралык жаш таланттардын “KGtai – таланттарга старт 2022” фестиваль-сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Каракалпакстан Автономиялуу Республикасынан 7 жаштан 16 жашка чейинки 200дөн ашык таланттуу балдар катышты. Фестивалдын конкурстук программасына жеке аткаруучулар, топтор, вокал, […]Читать далее

Саясат

Акылбек Жапаров жана ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев кызматташууну талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Султан Раевди кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин башчысы Султан Раевди жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктады. «Сиздин иш тажрыйбаңыз ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин ортосундагы маданий байланыштарды жана достук мамилени өнүктүрүүгө жана чыңдоого чоң салым кошууга […]Читать далее

Медицина

Кыргызстанга 100 миң дозадан ашуун Moderna вакцинасы алып келинет

Кыргызстанга 2022-жылдын үчүнчү кварталында COVAX программасынын алкагында 100 миң 800 доза Moderna вакцинасы алып келинет. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Иммундук алдын алуу республикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтуусуна караганда, ошондой эле Pfizer вакцинасынын 100 миң 600 дозасын алып келүү пландалууда. “Вакциналар июнда эле келиши керек болчу, бирок транспорт-логистикалык көйгөйлөргө байланыштуу жүк кармалган”, […]Читать далее

Медицина

Саламаттык сактоо министрлиги жалпы 4 млн жаранды эмдөөнү пландоодо

Саламаттык сактоо министрлиги 4 млн жаранды (калктын 42%ы) COVID-19га каршы эмдөөнү пландаштырууда. Бул тууралуу бүгүн «Биринчи радионун» эфиринде Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, эмдөө дагы деле илдеттин оор өтүшүнөн коргоонун эң мыкты жолдорунун бири болуп саналат. «Бүгүнкү күндө өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу, бирок оору күчөбөйт деп эч ким кепилдик бере […]Читать далее

Коом

Эртең Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчүрүлөт

Эртең, 2-августта Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 19:00гө чейин Керимбеков көчөсүндөгү эки турак жайдын суу түтүктөрүнө кошулганына жана диаметри 100 мм болгон авариялык суу түтүктү туташтырууга байланыштуу таза суу берүү убактылуу токтотулат. Ичүүчү суу Токтогул – Манас – Исанов – Пушкин көчөлөрү чектешкен […]Читать далее

Коом

Бишкек мэри менен Бириккен Араб Эмираттарынын элчиси жолугушту

 Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бириккен Араб Эмираттарынын Кыргызстандагы элчиси доктор Мохаммад Саид Мохаммад Аль-Арики менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жолугушууда мэр өз ара пайдалуу кызматташтыкты, атап айтканда, шаарлар аралык деңгээлде өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Тараптар БАЭ шаарлары менен достук тажрыйба алмашуу маселесин да талкуулашты. Мындан тышкары, мэр Эмилбек Абдыкадыров […]Читать далее

Саясат

Акылбек Жапаров БАЭ элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандагы Бириккен Араб Эмираттарынын элчиси доктор Мохамад Саид АльАрикини (резиденциясы Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында) кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-эмират кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды, атап айтканда, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар эки тараптуу кыргыз-эмират кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн […]Читать далее