Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келе жаткан коон кармалды

 Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келе жаткан коон кармалды

Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келе жаткан коон кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын «Чоң-Гара» анклавынан Кыргызстандын аймагына кирүүдө К.У.О. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Ford Transit үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Унааны текшерүүдө салмагы 1200 кг, наркы 30 миң сомду түзгөн коон табылган. К.У.О. коонду Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына бажы көзөмөлүнөн тышкары мыйзамсыз түрдө ташып кирүүгө аракет кылган.

Аталган унаа кармалып, жагдайлар такталганга чейин унаа Баткен шаардык терминалынын аймагына жеткирилген. Факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилген.

КР Транспорт прокуратурасы тарабынан мыйзам бузуулардын бирдиктүү реестринен чыгаруу менен кылмыш ишин козгобоо чечими кабыл алынып, материалдар КР Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык чара көрүү үчүн Оперативдүү бажыга өткөрүп берилди.

Оперативдүү бажы К.У.О.га карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин алкагында 60 миң сом айып салынган. Товар 7400 сом өлчөмүндө эки эселенген бажы төлөмдөрүн алуу менен товарлар бажылык жактан таризделди.

Даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин эскертүүсүнүн талаптарына ылайык «Ford Transit» унаасына тиешелүү материалдар конфискациялоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн сот органдарына өткөрүп берилет.

Связанный пост