Касымбеков: Өлкөдө 10 жаңы вирусологиялык лаборатория курулууда

 Касымбеков: Өлкөдө 10 жаңы вирусологиялык лаборатория курулууда

Ислам өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен өлкө аймагында 10 жаңы вирусологиялык лабораторияны куруу жана жабдуу улантылууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Ата, Сокулук, Жайыл райондук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун жана Каракол, Талас шаарларында беш вирусологиялык лабораториялар ишке берилди.

“Баткен, Кадамжай, Жалал-Абад шаарларынын жана Ноокен санэпидкөзөмөл борборлорунда курулуш иштери аяктоо стадиясында. Анын ачылышы 2022-жылдын июль айынын аягына чейин күтүлүүдө. Ноокат санэпидкөзөмөл борборундагы иштер толугу менен аяктады, анын ачылышы 2022-жылдын июнь айында болгон”, – деди Касымбеков.

Касымбеков аталган лабораториялар ПЧР боюнча коронавирустук инфекциянын жана башка инфекциялардын диагностикасын жүргүзүшөт.

Связанный пост