Бишкекте мончолор текшерилүүдө

 Бишкекте мончолор текшерилүүдө

Бишкек шаарынын экологиясын жакшыртуу максатында шаардын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы мончолорду текшерүүдө.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, рейд учурунда мончо ээлерине тыюу салынган буюмдарды (резина, пластмасса, тигүү калдыктары ж.б.) жагууга тыюу салуу боюнча 13 эскертүү берилип, ошондой эле газга өтүү сунушталды.

Инспекция тыюу салынган заттарды өрттөгөн учурда менчигинин түрүнө карабастан, “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 7500 сомдон 23000 сомго чейин айыппул салынарын эскертет.

Связанный пост