COVID-19: Бишкек “сары аймакка” кирди

 COVID-19: Бишкек “сары аймакка” кирди

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустун жаңы 128 учуру катталды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.

Анын айтымына караганда, Бишкек коронавирус боюнча “сары аймакка” кирди. Министр бирок эпидемиологиялык абал туруктуу экендигин айтты.

«Кооптонууга негиз жок. Эгерде зарыл болсо, жарым-жартылай чектөөлөр киргизилет», – деди ал.

Связанный пост