Медицина

Казакстанда акыркы суткада 2661 адамдан коронавирус табылды

Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 661 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет. Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 949, Алматы шаарында – 446, Шымкент шаарында – 51, Акмоло облусунда – 101, Актөбе облусунда – 70, Алматы облусунда – 77, Жетысу облусунда – 57, Атырау облусунда – 44, Чыгыш-Казакстан облусунда –28, […]Читать далее

Коом

Аксыда кичи ГЭСтин курулушу башталды

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Тосту айылынын Сай-Конок тилкесинде кубаттуулугу 500 кВт болгон кичи ГЭСтин курулушу башталды. Курулуп жаткан кичи ГЭСти 2022-жылдын декабрь айында пайдаланууга берүү пландалууда. Курулуш иштерине кыргызстандык Нурланбек Ормонов инвестиция салган. Курулуштун сметалык баасы 720 миң АКШ долларын түзөт.Читать далее

Коом

Ысык-Көлдө 23 адам жол кырсыгына учурап, экөө каза болду

Балыкчы–Ананьево–Каракол унаа жолунун 24-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter жана Mitsubishi үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, кырсык бүгүн, 3-августта саат 07:40та болгон. Кырсык болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. “Жалпы 23 адам кырсыкка учурап, үчөө Балыкчы шаарынын оруканасына жеткирилген. Ал эми эки жүргүнчү жеринде каза болгон, алардын сөөгү милиция кызматкерлерине […]Читать далее

Саясат

Алтынбек Жумаев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Алтынбек Жумаев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.Читать далее

Коом

Бишкекте ИИМдин тергөө-ыкчам кызматкерлери үчүн окуу семинары өттү

Бишкекте Ички иштер министрлигинин тергөө-ыкчам кызматкерлери үчүн окуу семинары болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, семинар ИИМдин демилгеси жана ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен «КР ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза жана Жазык-процесстик кодекстерди укуктук колдонуунун негиздери» темасында өттү. Иш-чарага ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин полиция маселелери боюнча кеңешчиси Константин […]Читать далее

Саясат

Алтынбек Жумаев президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Жумаев Алтынбек Мусаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.Читать далее

Uncategorized @kg Билим

Свердлов районунун мугалимдерине сыйлыктар тапшырылды

Президенттин “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгына ылайык Республика боюнча сынак өткөрүлүп, ага 44 район жана 30 шаар катышты. Сынактын жыйынтыгында Свердлов районундагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин  тарбиячылары жана мугалимдери 1-орунга ээ болушту. Өз кезегинде Свердлов райондук администрациясынын кызматкерлери, акимдин биринчи орун басары Руслан Бекназаров  мугалимдерге жана тарбиячыларга терең ыраазычылык билдирип, мугалимдерге Ардак грамоталарды тапшырышты. Сынактын […]Читать далее

Коом

Өлкөдө сутка ичинде 18 өрт кырсыгы катталды

Сутка ичинде өлкө аймагында 18 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 23 бөлүм тартылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 6, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Бишкек шаарынын Октябрь районунда “Ак-Сарай” кафесинин 40 чарчы метр ашканасы күйгөн. Өрттүн […]Читать далее

Экономика

“Кыргызиндустрия” ААКсы Татарстан жана Башкортостан менен кызматташууга даяр

“Кыргызиндустрия” ААКсынын президенти Жарасул Абдураимов экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин Татарстандын “Соода-өнөр жай палатасы” бирлигинин төрагасы Шамиль Агеев жана Башкортостандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Тимур Хакимов жетектеген бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен болгон жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу “Кыргызиндустрия” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуу Татарстан жана Башкортостандын делегацияларынын 1-8-августта Ысык-Көлдө өтүүчү бизнес-миссиясынын алкагында […]Читать далее

Саясат

Чолпон-Атада Араб координациялык тобунун жыйыны башталды

Бүгүн, 3-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Араб координациялык тобунун төртүнчү тегерек столу өтүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Тегерек үстөл жыйыны Араб координациялык тобунун өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө, жалпысынан экономика тармактарын өркүндөтүүгө арналган. Кыргызстан Aраб координациялык тобунун фонддорунун өлкөдөгү ишин жогору баалайт жана мындан ары дагы жемиштүү […]Читать далее