Чолпон-Ата шаарында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны өттү

 Чолпон-Ата шаарында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны өттү.

Отурумга Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович катышты.

Жыйынды ачып жатып Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кеңештин жайкы отурумун өткөрүү салтка айланган Ысык-Көл жээгиндеги Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын бардык мүчөлөрүнө жылуу салам жолдоду.

Ал жыйындын күн тартиби абдан мазмундуу экендигин белгилеп, жолугушуунун бардык катышуучуларына жемиштүү жана конструктивдүү иш каалады.

Связанный пост