Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов келди

 Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов келди

 Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан ардактуу конокту министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Эске салсак, 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.

Связанный пост