Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны башталды

 Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны башталды

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны башталды.

Жолугушуу аземинен жана биргелешкен сүрөткө түшүүдөн кийин жыйын тар чөйрөдө башталды.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасы өкмөт башчыларына жыйынга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, жемиштүү иш каалады.

Андан соң жолугушуу жабык эшик артында уланды.

Жыйындын күн тартибинде интеграциялык бирикме үчүн жалпы газ рыногун түзүү, өнөр жай кооперациясын каржылоо, алкоголдук рынокту жөнгө салуу, Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү маселелери бар.

Мындан тышкары, форумдун алкагында бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу жогорку деңгээлдеги жолугушуулар уюштурулат.

Связанный пост