Соттолбогондугу тууралуу маалымкатты үйдөн чыкпастан акысыз алууга болот

 Соттолбогондугу тууралуу маалымкатты үйдөн чыкпастан акысыз алууга болот

 Соттолбогондугу тууралуу маалымкатты үйдөн чыкпастан акысыз алууга болот. Бул тууралуу “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү борборунан билдиришти.

Эми соттолбогондугу тууралуу маалымкат алуу үчүн ички иштер органдарына арыз берүүгө жана аны алууга эки жолу барып, убара болуунун кажети жок.

“Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу 7 күндүн ичинде соттолбогондугу тууралуу маалымкатты акысыз алууга болот”, – деп айтылат маалыматта.

Ал үчүн сиз төмөнкүлөрдү аткарышыңыз зарыл:

  • portal.tunduk.kg сайтына кирип, катталасыз;
  • “Маалымкаттар, көчүрмөлөр” бөлүгүнөн “Адамды жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө, адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымкатты (соттолбогондугу жөнүндө маалымкат) акысыз негизде (7 жумушчу күндүн ичинде) алууга арыз берүү” кызматын тандайсыз;
  • Маалымкат ала турган жерди жана телефон номерди көрсөтөсүз;
  • “Өтүнмөнү тариздөө” баскычын басасыз, анан маалымкатты алууга арыздын электрондук формасы чыгат;
  • “Жөнөтүү” баскычын басасыз.

Сиз соттолбогондугу тууралуу маалымкатты алуу үчүн онлайн түрүндө арыз жазып жөнөттүңүз.

Маалымкат даяр болгондо Сиздин Email-дарегиңизге жана Telegram`ыңызга шилтеме келет, аны өзүңүздүн керектүү гаджетиңизге жүктөп алсаңыз болот. Ошондой эле маалымкатты Мампорталдагы “Жеке кабинеттен” дагы жүктөп алсаңыз болот.

Кененирээк маалыматты төмөнкү шилтемеден тапса болот: portal.tunduk.kg

Связанный пост