Садыр Жапаров ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын кабыл алды

 Садыр Жапаров ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Төрагасы  Садыр Жапаров бүгүн, 25-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына Евразия өкмөт аралык кеңештин (ЕӨАК) отурумуна катышуу үчүн келген Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын кабыл алды.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле ардактуу мейман катары Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов катышты.

Мындан тышкары, жолугушууга Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышты.

Мамлекет башчысы меймандар менен учурашып, үстүбүздөгү жыл Евразиялык экономикалык комиссиянын иш алып барганына 10 жыл болгондугу менен маанилүү экенин белгиледи.

“Биз өткөн жылдардагы биргелешкен ишибиздин жыйынтыгын чыгарып, келечектүү милдеттер жана максаттарды аныктай турган  баскычында турабыз.

Биздин Биримдик абройлуу жана эффективдүү интеграциялык түзүмгө айланды, дүйнөнүн ар кайсы региондорунан көптөгөн өлкөлөр кызматташууга кызыкдар болуп жатышат. Сиздердин ЕАЭБ жана КМШ жаштар форумуна жеке катышууңуздарды кубануу менен белгилейм. Бул эл аралык аянтча туруктуу болуп, жыл сайын өткөрүлөт деп ишенем”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент отурумдун алкагында евразиялык интеграциянын абдан актуалдуу жана маанилүү маселелери карала турганын белгиледи.

“Эл аралык мамилелердин азыркы кризистик шарттарында ЕАЭБ алкагында биздин өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсү өзгөчө мааниге ээ. Интеграциялык багытка ээ болгон инфраструктуралык долбоорлорду каржылоонун эффективдүү жана таасирдүү механизмдерин иштеп чыгуу талап кылынат. Биз үчүн интеграциялык процесстерге жолтоо болгон тоскоолдуктарды, алууларды жана чектөөлөрдү жоюу боюнча мындан ары дагы жигердүү жана туруктуу иштөө маанилүү. Бул контекстте ЕАЭБ алкагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири – товарлардын эркин жүрүүсүнө көңү л бурбай коюуга болбойт. Жасалган кадамдарга карабастан, барьерлер биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода байланыштардын кеңейишине тоскоол болуусун улантууда”, – деп кошумчалады Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы эл аралык эмгек миграция чөйрөсү Биримдиктин өлкөлөрүндө өтө актуалдуу көйгөй болуп саналарына, ошондуктан Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарынын бири Биримдиктин өлкөлөрүнүн аймагына барган жумушчулар үчүн тиешелүү шарттарды түзүү экенине көңүл бурду.

Ушуга байланыштуу Садыр Жапаров белгилегендей бул багыттагы, анын ичинде жумушчуларды жана алардын үй бүлө мүчөлөрүн социалдык камсыздоо маселелерин чечүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде алар үчүн миграциялык талаптарды жөнөкөйлөтүү боюнча ишти улантуу маанилүү.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы инвестициялык жана кооперациялык кызматташтыкты бекемдөө, биргелешкен транспорт коридорлорун өнүктүрүү, үчүнчү өлкөлөр жана регионалдык бирикмелер менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү боюнча биргелешкен күч-аракеттерди жумшоо зарыл.

Садыр Жапаров планетадагы климаттын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу жылдан жылга көбөйүп жаткан терс кесепеттерди өзгөчө белгилеп, бул бардыгынан “жашыл” экономикага чечкиндүү өтүүнү талап кыларын билдирди. ЕАЭБ өлкөлөрүндө бул тармак артыкчылыктуу багыттардын бири катары каралат. Өлкөлөр климаттык күн тартибин каныктыруу, “жашыл” технологияларды киргизүү, энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерди күчөтүүдө.

Мамлекет башчысы белгилегендей, ЕАЭБдин символу боло турган жогорку технологиялык долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча иш алып баруу зарылдыгы бышып жетилди.  Консолидацияланган кызматташтык үчүн ЕАЭБдин бардык мүчө-мамлекеттери үчүн жалпы, дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн жана анда жаңы технологиялык түзүмдөрдүн үстөмдүгүн, алардын аттандаштыктагы артыкчылыктары менен илимий-техникалык дараметин эске алуу менен узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүүнүн келечектүү багыттарын аныктоо зарыл көрүнөт.

“Биз Биримдикке мүчө мамлекеттердин экономикасын тездетип өнүктүрүү үчүн жагымдуу макроэкономикалык шарттарды түзүүгө умтулушубуз керек. Биздин өлкөлөрүбүздүн калкынын социалдык жана материалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу кызыкчылыгында интеграциялык мүмкүнчүлүктөрдү жана инструменттерди натыйжалуу пайдалануу, анын ичинде барьерлерди акырындык менен жоюу, алуу жана чектөөлөрдү кыскартуу, ошондой эле ишкердик активдүүлүктүн өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү өз ара сооданын өсүшүнө алып келет деп ишенем.

Кыргызстан евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана Биримдиктин максаттарына жетүү боюнча интеграциялык процесстерди мындан ары тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоо ниетинде”, – деп сөзүн жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.

Жолугушуунун катышуучулары евразиялык интеграцияны мындан ары тереңдетүү, тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү алып салуу, Биримдикке мүчө өлкөлөрдө санариптештирүүнү илгерилетүү, өнөр жай кооперациясын арттыруу жана башка маселелер боюнча пикир алышты.

Связанный пост