Кыргызстанга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келди
![Кыргызстанга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келди](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/08/630732903b6b9-850x560.jpeg)
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан сыйлуу конокту министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Эске салсак, 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.