Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Шакиев Минск шаарындагы өндүрүштүк жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышты

Төрага Нурланбек Шакиев баштаган КР Жогорку Кеңешинин делегациясы Беларусь Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында бир катар өндүрүштүк жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Алгач парламенттик делегация “Белкоммунмаш” холдингине барып, өндүрүштүн жүрүшүн көрүп чыкты. Алсак, аталган ишкана троллейбустарды, трамвайларды, электр автобустарын, электр жүк ташуучу унааларын жана кубаттоочу станцияларды жасап чыгарат. 50 жылдан бери иштеп келе жаткан ишканада азыркы […]Читать далее

Коом

КМШ өлкөлөрүнүн саммити: электр самокатын ижарага алуу чектелет

Борбор калаада КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтүп жаткан учурда электр самокаттарын ижарага алууга убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул чектөөнү Биринчи май районунун акиминин милдетин убактылуу аткаруучу Райым Жолдошов, №12 МАБдын өкүлдөрү жана электр самокаттарын ижарага берген “Аренда сервис”, “Togo.kg”, “Aбрикос”, “e-motion”, “ Промо экспресс”, «Sunrent» компанияларынын ээлери менен талкуулашты. 12-октябрда делегация жүрүүчү маршрут боюнча таң эртеден баштап […]Читать далее

Спорт

Айпери Медет кызы Азия оюндарынын чемпиону болду

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айпери Медет кызы Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында алтын медаль тагынды. Спортчу 76 кг салмак даражасында беттешип, жалпы 4 беттеш өткөрдү. 1/8 финалда спортчу Кытайлык балбан кызды 2:1 эсебинде жеңсе, чейрек финалда Въетнамдык атаандашын утуп, жарым финалга чыккан. Ал эми жарым финалда Тайбейлик атааншын 8:0 эсебинде жеңип, […]Читать далее

Президент

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 4- октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзам “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коомунун ишин натыйжалуу башкарууну жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Мыйзам менен […]Читать далее

Коом

Өлкөдө 9 айдан 7 жашка чейинки балдардын 76% кызамык жана

Өлкөдө 18-сентябрдан 29-сентябрга чейин өткөрүлгөн кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча иммунизациялоо боюнча кампаниянын алкагында 440 343 бала, максаттуу топтун 76%ын түзөт, эмдөө статусуна же буга чейин кызамык жана кызылча оорусу менен ооруганына карабастан 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдар эмдөөдөн өтүшкөн. Эмдөө уланууда. Эмдөөнү ҮМБ/ҮДТ/ФАПтардан жана мектептердеги жана мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги убактылуу […]Читать далее

Билим

Республиканын бардык мектептерин интернет менен камсыздоо маселеси талкууланды

6-октябрда Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун башкы директору Нурлан Мадаминов, коммерциялык директору Кубанычбек Баратбаев жана техникалык директору Мырзабек Шадыбеков менен жолугушту. Тараптар алыскы аймактардагы мектептерди интернет менен камсыздоо, интернеттин ылдамдыгын жогорулатуу, Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтык тутумуна кирүү үчүн локалдык тармакты жана Wi-Fi тармагын түзүү жана […]Читать далее

Билим

Караколдо М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Каракол шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жогорку билими бар жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоону андан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда жогорку билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат: 1. Каракол шаарында М.В. […]Читать далее

Коом

Бишкектин көмүр базасында тоннасы 4700 сомдон “Кара-Кече” көмүрү сатыкка чыгат

Эртең, 7-октябрдан тартып Бишкек шаарындагы Ден Сяопин көчөсү, 306 дарегинде жайгашкан көмүр базасында тоннасы 4700 сомдон “Кара-Кече” көмүрү сатыкка чыгат. Жакынкы күндөрү дагы 4 көмүр базасы ачылары күтүлүүдө. 2023-жылдын 6-октябрь күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования аянтчасында, кыш мезгилине карата шаар калкын арзандатылган көмүр менен камсыз кылуу боюнча жыйын өттү. Отурумга Бишкек шаарынын […]Читать далее

Спорт

Азия оюндары: Нурзат Нуртаева күмүш медалга ээ болду

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Нурзат Нуртаева Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында 2-орунду ээледи. Спортчу 68 кг салмак даражасында күч сынашып, ¼ финалдан баштаган. Алгач Казакстандык Елена Шалыгинаны 7:8 эсебинде жеңсе, жарым финалда Монголиялык атаандашын утуп финалга чыккан. Ал эми чечүүчү беттеште Кытай балбанынан жеңилип, күмүш медалдын ээси болду.Читать далее

Спорт

Азия оюндары: Айсулуу Тыныбекова коло байгеге ээ болду

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында коло байгеге эх болду!   Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта күрөшүп, 1/8 финалдан баштаган. Алгач Таиланддык спортчу менен беттешип 14 секунд ичинде атаандашын жеңген. Ал эми чейрек финалда Япониялык Нонока Озаки менен күч сынашып, 3:1 эсебинде жеңилди. Кийин Озаки финалга […]Читать далее