Бишкектин көмүр базасында тоннасы 4700 сомдон “Кара-Кече” көмүрү сатыкка чыгат

 Бишкектин көмүр базасында тоннасы 4700 сомдон “Кара-Кече” көмүрү сатыкка чыгат

Эртең, 7-октябрдан тартып Бишкек шаарындагы Ден Сяопин көчөсү, 306 дарегинде жайгашкан көмүр базасында тоннасы 4700 сомдон “Кара-Кече” көмүрү сатыкка чыгат.

Жакынкы күндөрү дагы 4 көмүр базасы ачылары күтүлүүдө.

2023-жылдын 6-октябрь күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования аянтчасында, кыш мезгилине карата шаар калкын арзандатылган көмүр менен камсыз кылуу боюнча жыйын өттү. Отурумга Бишкек шаарынын мэриясынын 4 районунун акимдеринин орун басарлары катышты.

Күн тартибинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги №220 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомун аткаруунун алкагында, “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын көмүр базаларында сатыкка чыкчу “Кара-Кече” көмүрүнүн баасын туруктуу кармоо жана калкка ортомчуларсыз жеткирүү маселелери каралды.

Связанный пост