Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаевдин жетектөөсүндө Ош шаарынын мэриясынын, муниципалдык мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышуусунда экологиялык кеңешинин алгачкы жыйыны болуп өттү. Жыйында Ош шаарынын 2023-2033-жылдарга карата экологиялык фонун сактоо жана жакшыртуу маселелери көтөрүлүп, экологиялык абалды өнүктүрүү концепциясынын алкагында энергетика жана жылуулук системасын, транспорттук каражаттарынын шаар аймагынан сырткары кошумча багыттарын карап чыгуу, таштандыларды кайра иштетүү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, өлкөнүн жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: «Урматтуу кыргыз авиация тармагынын кызматкерлери! Бул тармактын ардактуу ардагерлери! Кыргызстандын жарандык авиациясынын тарыхы 1933-жылы Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин токтому кабыл алынгандан тартып башталат. Мына ошол дээрлик бир кылымдын ичинде жарандык авиациябыз жүргүнчүлөр менен […]Читать далее
Бүгүн, 6-октябрда Свердлов районунда «Ак-Тилек-2» жаңы конушуна жаратылыш газы берилди. Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев жана Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков конуш тургундарын жаратылыш газынын берилиши менен куттуктап, башкы директордун орун басары Арзымат Алдыяров баштаган «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын жетекчилигине ыраазычылык билдиришти. 216 кожолук жаратылыш газын колдонуу менен жылытууга өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Жашоочулар […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-октябрда, Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) энергетика жана инфраструктура министри Сухейль Аль-Мазруини кабыл алды. Өлкөлөр ортосундагы өнүгүп келе жаткан кызматташтыктын келечеги, соода-экономикалык, инвестициялык жана энергетикалык тармактарда өз ара аракеттенүүнү активдештирүү маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы кыргыз-эмират мамилелеринин өнүгүүсүнүн жогорку динамикасын белгилеп, БАЭ араб ааламында негизги соода өнөктөш экенин айтты. […]Читать далее
Төрага Нурланбек Шакиев Минск шаарындагы өндүрүштүк жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышты
Төрага Нурланбек Шакиев баштаган КР Жогорку Кеңешинин делегациясы Беларусь Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында бир катар өндүрүштүк жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Алгач парламенттик делегация “Белкоммунмаш” холдингине барып, өндүрүштүн жүрүшүн көрүп чыкты. Алсак, аталган ишкана троллейбустарды, трамвайларды, электр автобустарын, электр жүк ташуучу унааларын жана кубаттоочу станцияларды жасап чыгарат. 50 жылдан бери иштеп келе жаткан ишканада азыркы […]Читать далее
Борбор калаада КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтүп жаткан учурда электр самокаттарын ижарага алууга убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул чектөөнү Биринчи май районунун акиминин милдетин убактылуу аткаруучу Райым Жолдошов, №12 МАБдын өкүлдөрү жана электр самокаттарын ижарага берген “Аренда сервис”, “Togo.kg”, “Aбрикос”, “e-motion”, “ Промо экспресс”, «Sunrent» компанияларынын ээлери менен талкуулашты. 12-октябрда делегация жүрүүчү маршрут боюнча таң эртеден баштап […]Читать далее
Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айпери Медет кызы Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында алтын медаль тагынды. Спортчу 76 кг салмак даражасында беттешип, жалпы 4 беттеш өткөрдү. 1/8 финалда спортчу Кытайлык балбан кызды 2:1 эсебинде жеңсе, чейрек финалда Въетнамдык атаандашын утуп, жарым финалга чыккан. Ал эми жарым финалда Тайбейлик атааншын 8:0 эсебинде жеңип, […]Читать далее
Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 4- октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзам “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коомунун ишин натыйжалуу башкарууну жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Мыйзам менен […]Читать далее
Өлкөдө 18-сентябрдан 29-сентябрга чейин өткөрүлгөн кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча иммунизациялоо боюнча кампаниянын алкагында 440 343 бала, максаттуу топтун 76%ын түзөт, эмдөө статусуна же буга чейин кызамык жана кызылча оорусу менен ооруганына карабастан 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдар эмдөөдөн өтүшкөн. Эмдөө уланууда. Эмдөөнү ҮМБ/ҮДТ/ФАПтардан жана мектептердеги жана мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги убактылуу […]Читать далее
6-октябрда Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун башкы директору Нурлан Мадаминов, коммерциялык директору Кубанычбек Баратбаев жана техникалык директору Мырзабек Шадыбеков менен жолугушту. Тараптар алыскы аймактардагы мектептерди интернет менен камсыздоо, интернеттин ылдамдыгын жогорулатуу, Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтык тутумуна кирүү үчүн локалдык тармакты жана Wi-Fi тармагын түзүү жана […]Читать далее