Айпери Медет кызы Азия оюндарынын чемпиону болду

 Айпери Медет кызы Азия оюндарынын чемпиону болду

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айпери Медет кызы Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында алтын медаль тагынды.

Спортчу 76 кг салмак даражасында беттешип, жалпы 4 беттеш өткөрдү.

1/8 финалда спортчу Кытайлык балбан кызды 2:1 эсебинде жеңсе, чейрек финалда Въетнамдык атаандашын утуп, жарым финалга чыккан. Ал эми жарым финалда Тайбейлик атааншын 8:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.

Чечуүчү финалдык беттеште казак балбаны Жамиля Бакбергенованы 7:4 эсебинде утуп, Азия оюндарынын чемпиону болду!

Связанный пост