Укук тартиби

УКМК: Т.Салимов кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө демөөрчүлүк кылгандыгы аныкталды

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгүндө, 267-беренесинин 2-бөлүмүндө жана 37-беренесинин – 122- беренесинин 2-бөлүгүнүн 4 жана 18-пункттарында каралган кылмыштардын негизинде кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө К.Асанбек жана анын жан-жөкөрлөрү тарабынан опузалап жана рейдерлик жолу менен басып алуусунун натыйжасында алынган мүлктөрдү жана активдерди мыйзамдаштырууга катышкан жана башка оор, өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бар […]Читать далее

Коом

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет

2023-жылдын 12-13-октябрында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келиши жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйыны өтүшү күтүлүүдө. Ага карата коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоого 4 миңден ашык кызматкер жана 250гө жакын техника тартылат. Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер органдарынын Бишкек гарнизонунун жана Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын […]Читать далее

Коом

Жыл башынан бери 14 телеканалга пландуу текшерүү жүргүзүлдү

Үстүбүздөгү жылдын январь айынан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана “Колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга уруксат берүү жөнүндө” Жобосуна ылайык 14 телерадиоканалга жана телерадиоберүүнүн 3 операторуна пландуу […]Читать далее

Коом

Баткенде 32 мечиттин жана 5 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү токтотулду

Диний чөйрөдө алдын алуу-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө, тиешелүү мекемелер аралык жумушчу топ Баткен облусунун аймагындагы диний объектилердин ишмердүүлүгүн текшерди. Топтун курамына УКМКнын, ИИМдин, ДИМКнын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, башкыархитектуранын өкүлдөрү, “Кадастр” мамлекеттик мекемеси жана КМДБнын өкүлдөрү киришти. Баткен облусунун аймагында диний кырдаалга терс таасирин тийгизген, радикалдык-экстремисттик идеологиянын динге […]Читать далее

Коом

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева Кыздардын эл

Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Кыргыз Республикасындагы БУУ Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан уюштурулган Кыздардын эл аралык күнүнө арналган иш-чарага катышты. Кыздардын эл аралык күнү жыл сайын 11-октябрда белгиленет жана кыздардын укуктарын коргоо боюнча глобалдык платформа болуп саналат. 2023-жылы бул күндү майрамдоонун глобалдык темасы: “Кыздардын укуктарына инвестиция салыңыз: биздин лидерлик, биздин […]Читать далее

Коом

Автобустардагы видеобайкоо пилоттук долбоору бузууларды каттоодо

Жаңы автобустарда 5 камералуу видеофиксация бар: бир камера жолго багытталган, башкача айтканда алдыңкы камера, экинчи камера – арткы көрүнүшкө, үч камера автобустун ичине багытталган. 5-октябрдан баштап Бишкек шаарынын мэриясы КР ИИМи менен биргеликте пилоттук режимде жол кыймылынын катышуучуларынын тиешелүү укук бузууларын фиксация кылуу үчүн алдыңкы камераларды колдоно баштады. Аталган иштер Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар” жөнүндө […]Читать далее

Укук тартиби

Кыргыз-казак чек арасында мыйзамсыз акча чогултууну уюштурган кылмыштуу топ кармалды

КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык контрабанда) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Казакстан менен Кыргызстан Республикасынын чек арасынын ортосундагы өткөрүү пунктунда мыйзамсыз баюу максатында, Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган жеке ишкерлерден акча талап кылуу жана өндүрүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурушкан трансулуттук кылмыштуу топ аныкталды. Натыйжада үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында ыкчам-издөө иш-чараларынын […]Читать далее

Коом

КМШ жаштарынын XVII Дельфы оюндары салтанаттуу жыйынтыкталды

9-октябрда Бишкек шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Жаштарынын XVII Дельфы оюндары салтанаттуу жыйынтыкталды. Салтанаттуу иш-чарада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Эл аралык Дельфы комитетинин Директору Владимир Понявин, Кыргыз Республикасынын Дельфы комитетинин төрагасы, Кыргыз эл […]Читать далее

Коом

Ичүүчү суунун сарамжалдуу пайдаланышы боюнча рейд жүрдү

Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, “Ош шаар суу канал” муниципалдык ишканасынын тиешелүү адистери менен биргеликте коммерциялык имараттарда ичүүчү суунун сарамжалдуу пайдаланышы боюнча рейд жүргүздү. Рейд үчүрунда ичүүчү суу менен камсыз кылуу системасындагы суу түтүктөрдүн, эсептегичтердин туура иштешине, пломбалардын болушуна өзгөчө көңүл бурулду. Текшерүүнүн жыйынтыгында, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Алсак, «Классик» мейманканасынын суу […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров: XIX Азия оюндарында биздин спортчулардын жеңиши менен бүткүл

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Кытай Эл Республикасында өткөрүлгөн XIX жайкы Азия оюндарына катышкан Кыргыз Республикасынын спортчуларын сыйлоо аземинде куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып,.“Бүгүн биздин спортчулар Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, элдин ишеничин актап, чоң жеңиштер менен кайтышты. Бардык спортчуларыбызды Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин жана жалпы кыргыз элинин […]Читать далее