Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

 Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 4- октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коомунун ишин натыйжалуу башкарууну жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу жана стратегиялык тармактарын өнүктүрүүгө жана стимулдаштырууга багытталган Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин максаттары, түптөөнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздери такталган, ошондой эле кошумча функциялар берилген. Ушуга байланыштуу Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөр каралган.

Связанный пост