Коом

Ичүүчү суунун сарамжалдуу пайдаланышы боюнча рейд жүрдү

Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, “Ош шаар суу канал” муниципалдык ишканасынын тиешелүү адистери менен биргеликте коммерциялык имараттарда ичүүчү суунун сарамжалдуу пайдаланышы боюнча рейд жүргүздү. Рейд үчүрунда ичүүчү суу менен камсыз кылуу системасындагы суу түтүктөрдүн, эсептегичтердин туура иштешине, пломбалардын болушуна өзгөчө көңүл бурулду. Текшерүүнүн жыйынтыгында, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Алсак, «Классик» мейманканасынын суу […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров: XIX Азия оюндарында биздин спортчулардын жеңиши менен бүткүл

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Кытай Эл Республикасында өткөрүлгөн XIX жайкы Азия оюндарына катышкан Кыргыз Республикасынын спортчуларын сыйлоо аземинде куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып,.“Бүгүн биздин спортчулар Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, элдин ишеничин актап, чоң жеңиштер менен кайтышты. Бардык спортчуларыбызды Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин жана жалпы кыргыз элинин […]Читать далее

Министрлер кабинети

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров: Мамлекет башчысы Кыргызстанды БУУнун туруктуу өнүгүү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын жаңы дайындалган Туруктуу өкүлү Александра Соловьеваны кабыл алды.   Жолугушуу МинКаб Төрагасынын Александра Соловьеваны БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү кызматына дайындалышы менен куттуктап, ийгиликтерди жана жемиштүү миссияны каалоо менен башталды.   Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, өлкө […]Читать далее

Спорт

XIX Азия оюндарынын катышуучулары Бишкекке келди

Бүгүн, 9-октябрь күнү Кытай Эл Республикасынын Ханьчжоу шаарында өткөн XIX Азия оюндарынын катышуучулары Бишкек шаарына учуп келди.   Спортчуларды Манас Эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Дене тарбия жана спорт департаментинин өкүлдөрү менен спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алды.   Белгилей кетсек, аталган мелдеш 23-сентябрда башталып 8-октябрь […]Читать далее

Коом

Ноябрь айында кыргызстандыктар үчүн узак дем алыш күндөрү болот

Ноябрь айында кыргызстандыктар беш күн катары менен эс ала турганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет. 7 жана 8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү быйыл шейшемби жана шаршембиге туура келет. Буга чейин Министрлер Кабинети 6-ноябрды (дүйшөмбү) 11-ноябрга (ишембиге) жылдырууну бекиткен. Ошентип кыргызстандыктар 4-8-ноябрга чейин эс алып, 11-ноябрда иштешет.Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнге “Достук” орденин

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвэнге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы – “Достук” орденин тапшырды. Мамлекет башчысы белгилегендей, бул орден менен Кыргызстан жана чет өлкөлөрдүн жарандары тынчтыкты, достукту жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча жасаган иштери үчүн сыйланышат. “Кыргызстан Cиздин кыргыз-кытай ынак коңшулук, достук […]Читать далее

Укук тартиби

Баткенде 5 кг баңгизат менен Өзбекстандын жараны кармалды

ИИМдин БМЖКККнын «Мак-2023» атайын иш-чаранын алкагында «Транзит» коддуу ат менен атайын операция жүргүзүү учурунда ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлгөн, анын жүрүшүндө Баткен облусунун Кадамжай районунун Ынтымак айылында Өзбекстан Республикасы менен чек арадан алыс эмес жерде жайгашкан 1998-жылы туулган А.Ж. аттуу коңшу мамлекеттин жараны кармалган. Кармалган шектүүнүн оң колунда көк түстөгү бир полимер баштык алынып, анын ичинде […]Читать далее

Коом

Баткен жана Ош облусунун аймагында болгон окуяларда талкаланган ИИМдин имараттары

2022-жылдын 14-18-сентябрында Баткен жана Ош облусунун аймагында болгон окуялардын жыйынтыгында Ички иштер министрлигине тиешелүү болгон бир катар имараттар талкаланып, пайдаланууга жарабай калган.   Өлкө жетекчилигинин тапшырмасына ылайык, быйыл ал  имараттардын айрымдары оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, ишке берилсе, калган имараттар оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп жаткан учуру. Алар ИИМдин Ички аскерлеринин  7707 аскер бөлүгүнүн  Интернационал, Көк-Таш айылдарындагы, башкы суу […]Читать далее

Туризм

Кыргызстанга кезектеги туристтик поезддер келди

2023-жылдын 8-октябрында Бишкек шаарына Европа жана Америкадан келген туристтерди «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин кызматкерлери жана уюштуруучулар Бишкек-2 бекетинен тосуп алышты. Жалпысынан № 926/925 турпоезд менен 70 жакын туристтер келишсе, ал эми № 924/923 турпоезд менен 65 жакын туристтер келишкен. Бул туристтик эс алуу маршуртун Lernidee Erlebnis Reisen GmbH жана Golden Eagle Luxury Trains туристтик […]Читать далее

Коом

Европа Биримдиги Кыргызстанга билим берүү тармагын колдоо үчүн 7 млн

Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына гранттык негизде 7 миллион евро (665 миллион сом) которду. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 7 миллион евролук транш Евробиримдик 2023-2026-жылдар аралыгында Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн бөлгөн 27 миллион евронун бир бөлүгү гана. Бул программа билим берүүнүн сапатын жана окуучуларды баалоо системасын жакшыртуу, […]Читать далее