Азия оюндары: Нурзат Нуртаева күмүш медалга ээ болду

 Азия оюндары: Нурзат Нуртаева күмүш медалга ээ болду

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Нурзат Нуртаева Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында 2-орунду ээледи.

Спортчу 68 кг салмак даражасында күч сынашып, ¼ финалдан баштаган. Алгач Казакстандык Елена Шалыгинаны 7:8 эсебинде жеңсе, жарым финалда Монголиялык атаандашын утуп финалга чыккан.

Ал эми чечүүчү беттеште Кытай балбанынан жеңилип, күмүш медалдын ээси болду.

Связанный пост