Чатырда жашап жаткан 5 балалуу энеге Камчыбек Ташиев үй куруп берет

Чатырда жашап жаткан 5 балалуу энеге Камчыбек Ташиев үй куруп берет.

Буга чейин социалдык тармактарда Чүй облусунун Октябрь айылында Айзада Абдуллаева аттуу 5 балалуу эненин үй-жайы жок болгондуктан, бирөөнүн короосуна чатыр тигип жашап жатканы тууралуу маалымат чыккан. Жергиликтүүлөр жалгыз бой көп балалуу апага жардам берүү керектигин суранышкан. Камчыбек Ташиев бүгүн аталган айылга барып, Айзада Абдуллаева менен жолугуп, маселесин тактап, чечим кабыл алды. Эми тез арада Айзада Абдуллаевага аталган айылдан жер тилкеси бөлүнөт жана Камчыбек Ташиев тарабынан жашоо үчүн бардык шарттары бар жаңы турак-үй курулуп берилет. Буюрса, жакынкы убакта бул үй бүлө өзүнүн менчик үй жайына ээ болот. Ага чейин дагы Камчыбек Ташиев тарабынан тийиштүү колдоо көрсөтүлүп турат.

Связанный пост