Солтон-Сарыдагы алтын кендин сууга түшүп кеткен жумушчусунун сөөгү табылды

КР ӨКМ пресс-борбору билдиргендей, Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосунда иштеп жаткан алтын кен комбинаттын 31 жаштагы жумушчусу Ж.А. 5-апрелде жүк ташуучу унаа менен сууга түшүп кеткен.

Кырсык катталган жерде Нарын облустук башкармалыгынын, шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, Кочкор райондук ӨК бөлүмүнүн суучул-куткаруучусу жана куткаруучулар издеп-куткаруу иштерин аткарышты.

Алардын тынымсыз аракетинен соң 7-апрелде саат 09:12де жогоруда аталган жарандын сөөгү муздун астынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Связанный пост