Баткенде 113 адам социалдык контракт боюнча 100 000 сом алды

8-апрель 2023-жылы Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 13 жана Лейлек районунда 100 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык контракттын негизинде 100 000 сом өлчөмүндөгү социалдык жардам сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү иш чарага КР Жогорку Кенешини депутаты Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич жана КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Базарбаев Нурдөөлөт Сатыбекович, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Эгамбердиев катышышты.

Иш-чара 2022-жылы социалдык келишимдин негизинде ишти баштаган ишкерлердин аткарган иштери тууралуу презентация менен башталып, алардын жетишкендиктери тууралуу видеоролик менен коштолду.

Иш-чарага катышкан атайын коноктор бизнес-идеяларын ишке ашырып жаткан жаңыдан баштаган жарандарга ийгилик каалап, келечекте алар туруктуу ишмер болоруна ишенимин билдиришти.

Эскерте кетсек, 2023-жылы республика боюнча 10 000 жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен социалдык контракт түзүлөт.

Связанный пост