Президент Бишкектеги имам Сарахси атындагы Республикалык борбордук мечитке барды

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги имам Сарахси атындагы Республикалык борбордук мечитке барды.

Мамлекет башчысы намаз окуп, ал жерде болгон мечиттин бардык жамаатына ооз ачар өткөрдү.

Ошол эле жерде Садыр Жапаров чогулгандардын алдында кыскача сөз сүйлөп, аларды ыйык Рамазан айы менен куттуктады.

Ал ыйык айда Кыргызстандын эли жасаган жакшы иштери көбөйүп, үзүрүн көрүшүн, үй-бүлөдө, коомдо тынчтык жана достук бекемделе беришин каалады.

Президент Жапаров адамдын руханий жана ар тараптуу тазаланышына өбөлгө түзгөн чыдамдуулук, токтоолук сыяктуу баалуулуктар жогору коюлган бул өзгөчө учур экенин белгиледи.

Дал ушул принциптер адамдарды бириктирип, боорукер, кайрымдуу кылып, көп улуттуу коомдо тынчтыкты жана ынтымакты сактоого салым кошот.

«Кыргыз элинин бардык жакшы ниеттери, жакшы ойлору ишке ашсын!», – деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Связанный пост