Ош шаарында 31-августка чейин бир катар жолдор реконструкцияланат

Ош шаарында 31-августка чейин бир катар жолдор реконструкцияланат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

7-апрелде Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев мэр Бакытбек Жетигеновдун бир катар көчөлөрдү реконструкциялоо боюнча берген протоколдук тапшырмасынын аткарылышын текшерди. Тактап айтканда, Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөнү, Алай көчөсүнүн жолун, Каныкейдин эстелигинин жанындагы скверди реконструкциялоо иштери, ошондой эле Масалиев көчөсүндөгү Шамшиев көчөсүнөн Раззаков көчөсүнө чейин 3 чакырымды түзгөн жолду оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн көрдү.

Текшерүүдө жолдорду жамоо иштеринен чыккан таштандылар өз убагында алынбай жаткандыгы боюнча эскертүүлөр берилди. Ош шаарынын мэринин протоколдук тапшырмаларын белгиленген мөөнөттө аткаруу талабы коюлду.

Марс Исаев шаардыктардын жүрүп жаткан жол иштерине нааразычылыгын баса белгилеп, жолдорду жамоо иштерин жана жол сызыктарын, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү (зебра) тез арада бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.

“Жол иштеринин сапатына жана мөөнөтүнө өзгөчө, кылдат көңүл буруу керек. Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөнү реконструкциялоо иштери аяктагандан кийин Алай көчөсүнүн жолун оңдоо иштери башталды. Андан ары Масалиев көчөсүнүн Шамшиев көчөсүнөн Раззаков көчөсүнө чейинки бөлүгүн комплекстүү реконструкциялоо пландалууда. Бардык иштер сапаттуу жана бекитилген график боюнча жүргүзүлүшү керек”, – деп белгиледи М.Исаев.

Связанный пост