Анталияда жол кырсыгында 30-жаштагы Кыргызстандын жараны каза болду

 Анталияда жол кырсыгында 30-жаштагы Кыргызстандын жараны каза болду

Анталияда кыргызстандыктар 7-апрелден 8-апрелге караган түнү жол кырсыгына кабылганын КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бардык жагдайларды тактоо үчүн Башкы консулдуктун кызматкерлери Анталиядагы шаардык өлүкканага жана Кепез районунун мамлекеттик ооруканасына барышкан.

Туугандары тарабынан өздүгү такталып, жыйынтыгында каза болгондордун бири КР жараны 1993-жылы туулган Б.к.А.нын өздүгү такталды, ал эми экинчи жабырлануучу Д.А.нын моюн сөөгү сынып, көкүрөгүнөн жаракат алып ооруканага жаткырылган. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

“Учурда Башкы консулдук маркумдун жакын туугандары менен биргеликте Кыргызстанга “жүк-200дү” жөнөтүү маселесинин үстүндө иштеп жатат”, – деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Связанный пост