Минкаб башчысы «Бишкек штамптоочу заводу» мамлекеттик ишканасына барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров «Бишкек штамптоочу заводу» мамлекеттик ишканасына барды.

Министрлер Кабинетинин башчысын «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомунун президенти Жарасул Абдраимов коштоп жүрдү.

Буга чейин Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында «Бишкек штамптоочу заводу» мамлекеттик ишканасынын пайдаланылбай жаткан кыймылсыз мүлк объектилерин акысыз убактылуу пайдаланууга (15 жылдык мөөнөткө) берүү чечими кабыл алынганы белгиленгенди.

Минкаб башчысы заводдун аймагын, туунду ишканалардын цехтерин жана «Кыргызиндустрия» ААКнын карамагына өткөн объектилерди көрүп чыкты.

Ал белгилегендей, «Кыргызиндустрия» ААКны түзүүнүн негизги максаты – жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү, иштеп жаткан өндүрүштөрдү модернизациялоо жана кеңейтүү, ошондой эле токтоп турган ишканаларды кайра ишке киргизүү аркылуу тармакты жандандыруу.

Минкаб башчысы чакан ишканаларды ишке киргизүү менен республиканын өнөр жай тармагын гана жандандырбастан, ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө түрткү берет.

Андан ары Минкаб башчысы Экономика жана коммерция министрлигине келип, өлкөнүн өнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын жана «Кыргызиндустрия» ААК аркылуу ишке ашырылуучу долбоорлорду талкуулоо үчүн бир катар жыйындарды өткөрдү.

Связанный пост