Кыргызстан боюнча өткөн апта ичинде СOVID-19 инфекциясынын 17 учуру катталды

 Кыргызстан боюнча өткөн апта ичинде СOVID-19 инфекциясынын 17 учуру катталды

Кыргызстан боюнча 3нөн 10-апрелге чейин СOVID-19 инфекциясынын 17 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Алардын ичинен 10 бейтап ооруканага жаткырылган.

2023-жылдын 3-апрелинен 10-апрелге чейин тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

2022-жылга жана 2023-жылдын 101 күнүнө карата жалпысынан COVID-19  инфекциясынын 22 101 учуру катталды, анын ичинен  20 090 (91%) учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 2011и (9%) учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Связанный пост