Төрага Нурланбек Шакиев белгилүү мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевди эскерүү иш-чарасына катышты

Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев белгилүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Абсамат Масалиевдин туулган күнүнө карата уюштурулган эскерүү иш-чарасына катышты. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Белгилей кетсек, Абсамат Масалиев 1933-жылдын 10-апрелинде туулган, көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак.

Иш-чарада улуу инсандын өрнөктүү өмүрү тууралуу сөз кылган Төрага Нурланбек Шакиев: “Абсамат Масалиевич жөнөкөй жумушчудан башталган эмгек жолун талыкпаган аракет менен улантып, мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин татыктуу басып өткөн. 1985-1991-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Биринчи катчысы болуп иштеп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон. Бийик адамгерчилиги жана тазалыгы менен айырмаланган көсөм жетекчи кандай кырдаал болбосун, жеке кызыкчылыгынан мамлекеттин кызыкчылыгын бийик койгон. Көп улуттуу Совет мамлекети ыдырап, Кыргыз Республикасы түптөлгөндө да элдин эркин сыйлап, эгемен өлкөнүн эртеңи үчүн кызмат кылган. Андыктан, даңазалуу саясий ишмердин өмүрү мамлекеттик кызматка аттанган ар бир адам үчүн үлгү”, – деди.

Ошондой эле СССР Жогорку Советине, Кыргыз ССРинин жана эгемен Кыргызстандын Жогорку Кеңештерине бир нече жолу депутат болуп шайланганын эске салган Нурланбек Шакиев: “Эл өкүлү катары мыйзам чыгаруу ишине да жигердүү катышып, өнөр жай, билим берүү өңдүү тармактардын өнүгүшүнө багытталган демилгелердин башында турган”, – деп кошумчалады.

Муну менен катар Абсамат Масалиевдин быйылкы 90 жылдык маарекеси жогорку деңгээлде өтүшү керектигин айткан Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңеште да бул боюнча тийиштүү иш-чаралар мерчемделгенин маалымдады.

Андан тышкары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун алып баруусунда өткөн эскерүү иш-чарасында Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев да сөз сүйлөштү.

Связанный пост