Кыргызстандын жараны 4 млн 350 миң сомдук контрабандалык дары-дармектер менен кармалды

КР УКМКнын маалыматына ылайык, 2023-жылдын 9-апрелинде контрабандага каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кадамжай районунун Алга айылынын “Ош-Разаков” унаа жолунда Лейлек районунун Арка айылынын 1991-жылы туулган тургуну кармалды. Ал жарандын башкаруусундагы “Фольксваген ЛТ” үлгүсүндөгү унаада эч кандай жүк ташуу документтери жок контрабандалык 116 куту, 174 миң даана ампула дары-дармектер болгон.
Алдын ала эсептөө боюнча, кармалган жүктүн суммасы 4 миллион 350 миң сомду түзөт.
Кармалган унаа бажы терминалынын аймагына коюлуп, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ошондой эле бул аткезчиликке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Связанный пост