Кыргызстандын туристик мүмкүнчүлүктөрү Уралда сунушталды

 Кыргызстандын туристик мүмкүнчүлүктөрү Уралда сунушталды

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун уюштуруучулук колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – Туризм департаментинин директору Самат Шатманов жетектеген делегация 2023-жылдын 7-8-апрелинде Екатеринбург шаарында жыл сайын өтүүчү “ЖАЙ-2023” Эл аралык туризм көргөзмөсүнө катышты.

Делегациянын курамында Кыргызстандын туристтик компанияларынын жана ден соолукту чыңдоо мекемелеринин, атап айтканда «С.А.Т.», «Travelnomad.kg», «Инфо сервис» компанияларынын жана №2 Мамлекеттик резиденциясынын өкүлдөрү болду.

Көргөзмөнүн аянтчасында Уралдагы туроператорлор жана компаниялар, Свердлов областынын профсоюздар федерациясы жана Екатеринбург шаарындагы ишканалар үчүн Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү, эс алуу жана санаториялык-курорттук дарылануу жөнүндө презентациялар өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында министрдин орун басары Самат Шатманов жана Башкы консул Руслан Бийбосунов Екатеринбург шаарынын башчысы Алексей Орлов, Свердлов облусунун Туризмди жана меймандостук өнөр жайын өнүктүрүү департаментинин директору Эльмира Туканова, Урал туристтик ассоциациясынын президенти Михаил Мальцев, Аймактын чакан жана орто бизнес союзунун башкы директору Сергей Нестеров, авиаташуучулар жана туроператорлор, ошондой эле башка катышуучулар менен жолугушуп, туризм тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Көргөзмө учурунда Кыргызстандын туристтик компаниялары жана ден соолукту чыңдоо мекемелери россиялык жана башка чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен бир катар келишимдерге кол коюшту.

Связанный пост