Ысык-Көл облусунда желимди кайра иштетүүчү завод курулду

Ысык-Көл облусунда алгачкы жолу желимди кайра иштетүүчү завод Ак-Суу районунда курулду. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Ак-Суу районунда желимди кайра иштетүүчү завод жакынкы күндөрү ишке берилмекчи. Ишкана 2022-жылы жеке ишкер тарабынан курула баштаган. Ишкер долбоор жазып Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна кайрылган. Фондтун Байкоочу кенеши тарабынан долбоор колдоого алынып 20 млн. сом ишкананы курууга болүнгөн.

Бүгүнкү күндө заводго керектелүүчү бардык жабдыктар алынып келинди жана сыноодон өткөрүлүүдө. Учурда ишканада 30 адам эмгектенүүдө. Орточо айлык акылары 25 мин сомдон жогору. Кызматкерлер үчүн жатакана, жунуучу жай, ашкана жана башка шарттар каралган. Ишкердин айтымында завод 3 смена менен тынымсыз 24 саат иш алып бармакчы.

Суткасына болжол менен 1,5- 2 тонна калдыкты кайра иштетүү пландалууда. Ал эми иштетилген желимдерден пресс жиптери жана мешоктор чыгарылмакчы. Желимдерди атайын унаа менен заводтун кызматкерлери Ак-Суу, Каракол, Түп, Жети-Өгүз райондорунда жайгашкан дүкөндөрдөн жана жашоочулардан сатып алышууда. Ишкердин айтымында ар бир жашоочу ан-сезимдүүлүк менен таштандыны бөлүп жыйноого үйрөнсө жаратылышка гана пайда алып келбестен, кошумча каражат таап алуу мүмкүнчүлүгү жаралмакчы. Ошондой эле, келечекте желимден сырткары башка тиричилик калдыктарын кайра иштетүү пландары бар экендигин кошумчалады. Сыноо мөөнөтү ийгиликтүү аяктаган сон ишкана толук кандуу жумушун баштамакчы.

Связанный пост